Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Эл депутаттарынын VII - чакырылышынын XXVII – сессиясынын

 

2024-жылдын 29-январы №1

Видео кѳзѳмѳл алууга жана орнотууга макулдук берүү жѳнүндѳ

       Ысык-Кѳл облусунун ички иштер башкармалыгы, Тоӊ райондук ички иштер бѳлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Ш.Илимгазиевдин кайрылуусу угулуп, талкууланып, Ак-Терек айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Терек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылына, Бар-Булак айылына жана үстүнкү ѳрѳѳнгѳ кетчү жол каттамына жалпысынан үч видео кѳзѳмѳл алууга жана орнотууга бюджеттен акча каражаты каралсын.

 

2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн башчысы   Т.А. Калыковго тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Т. Үсѳновго  милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                     А.А. Мамбетов

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева