АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын XXVII – сессиясынын
2024-жылдын 29-январы №2
“Айдыӊ-Кѳл” айылдык милиция бѳлүмчѳсүнѳ жаӊы имарат курууга Кара-Коо айылынан жер тилкесин бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
Ысык-Кѳл облусунун ички иштер башкармалыгы, Тоӊ райондук ички иштер бѳлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Ш.Илимгазиевдин кайрылуусу угулуп, талкууланып, Ак-Терек айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылындагы “Айдыӊ-Кѳл” айылдык милиция бѳлүмчѳсүнүн имараты жок болгондугуна байланыштуу, 2024-жылы “Айдыӊ-Кѳл” айылдык милиция бѳлүмчѳсүнүн жаӊы имаратын курууга Кара-Коо айылынан 0,04 га жер тилкесин бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А. Калыковго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айылдык кеңешинин муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж. Сугатчиевага милдеттендирилсин.
Төрага А.А. Мамбетов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева