Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын  XXVII – сессиясынын

 

2024-жылдын 29-январы №3

Жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча сунуштама киргизүү жѳнүндѳ

 

     Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.А.Калыковдун  кайрылуусунун негизинде,  Ак-Терек айылдык кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиясынын Ак-Терек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын “Туюк Жар” участкасынын 287-контурунан 0,15 га жер  аянтын “Жайыт жерлерден” башка категорияга, б.а. “Ѳнѳр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ сунушу угулуп, талкууланып,  Ак-Терек айылдык Кеңеши токтом кылат:                                                                                        

1. Ак-Терек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын “Туюк-Жар” участкасынын  287- контурундагы  0,15 га жер аянты “Жайыт жер” категориясынан “Ѳнөр-жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча  Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо берүүгө макулдук берилсин. 

2. Токтомду  аткаруу жагы  Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы   Т.А. Калыковго жүктөлсүн. 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айылдык кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж. Сугатчиевага милдеттендирилсин. 

 

Төрага                                                                                                    А.А. Мамбетов

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева