Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын   XXVII – сессиясынын

2024-жылдын 29-январы №4

Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылындагы №8 мектепке

 чейинки билим берүү уюмунунун тѳлѳѳчү (взнос) тѳлѳмдү   1300 сомго кѳтѳрүү жѳнүндѳ

       Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылындагы №8 МЧББУнун мектепке чейинки билим берүү уюмунунун  директору Ж.Д.Алюлдаеванын атынан жазылган кайрылуусунун негизинде жана ата-энелердин макулдугу (Протокол №2) менен Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын сунушу угулуп, талкууланып,  Ак-Терек айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

             

1. Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылындагы №8 МЧББУнун мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбияланып жаткан балдардын Протокол №2, 18.10.2023-жылдагы ата-энелеринин жалпы чогулушунун чечими бекитилсин жана балдардын тамак ашына тѳлѳнүүчү ата-энелер тѳлѳмү (взносу) 1300 сомго кѳтѳрүлсүн.

2.Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын Кара-Коо айылындагы     №8 МЧББУнун мектепке чейинки билим берүү уюмунунун  директору Ж.Д. Алюлдаевага  тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрагасы Э.Т. Үсѳновго милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                     А.А. Мамбетов

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева