Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

     ТОКТОМ 

Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын   XXVII – сессиясынын

2024-жылдын 29-январы №5

 

Ак-Терек айыл аймагынын Четинди айылынын мектеп окуучуларын ташуучу кичи автобус айдоочусунун А.Илипбаевдин эмгек акысын жогорулатуу жѳнүндѳ

 

      Ак-Терек айыл аймагынын Четинди айылынын мектеп окуучуларын ташуучу кичи автобус айдоочусу А.Илипбаевдин арызынын негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын сунушу угулуп, талкууланып  Ак-Терек айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:          

1. Четинди айылынан Ала-Баш айылына мектеп окуучуларын ташуучу кичи автобус айдоочусу А.Илипбаевдин эмгек маянасы 13 000 (он үч миӊ)  сомго кѳтѳрүлүп берилсин.

2.Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн  финансы-экономикалык бѳлүмдүн башчысы К. Абдыраевге  жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Т. Үсѳновго милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                     А.А. Мамбетов

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева