Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын   XXVII – сессиясынын

2024-жылдын 29-январы №7

 

Ак-Терек айыл аймагындагы клубдарга штаттык бирдик ачуу жѳнүндѳ

 

      Ак-Терек  айыл ѳкмѳтүнүн каржы бѳлүмүнүн башчысы  К.Абдыраевдин билдирүүсү угулуп, талкууланып, Ак-Терек айылдык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:                          

1. Ак-Терек айыл аймагындагы  Ала-Баш, Дѳӊ-Талаа, Комсомол, Кызыл-Туу айылдарынын клубдарына Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы №545 токтомунун негизинде, кароолчу менен тазалыкты сактоочу кызматкерди бириктирип бирден штаттык бирдик ачылсын.

2. Ак-Терек айыл аймагындагы Кара-Коо айылындагы К.Исаков атындагы Маданият үйүнѳ маданий-массалык иш чараларды уюштуруучу штаттык бирдик ачылсын.

3.Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн  финансы-экономикалык бѳлүмдүн башчысы  К.Абдыраевге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрагасы Э.Т. Үсѳновго милдеттендирилсин.

 

 Төрага                                                                                                    А.А. Мамбетов

Жооптуу катчы                                                                                 М.Б. Эсеналиева