АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын XXVII – сессиясынын
2024-жылдын 29-январы №10
Кара-Коо айылынын Р.Жангазиев атындагы
жалпы орто билим берүү мектебине байкоочу камера алуу жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.А.Калыковдун сунушу угулуп, талкууланып, Ак-Терек айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагындагы Кара-Коо айылынын Р.Жангазиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебине байкоочу камера алуу үчүн акча каражаты Тоӊ ѳнүктүрүү фондунан суралсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.А. Калыковго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын ѳзүмѳ калтырам.
Төрага А.А. Мамбетов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева