АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын XXVII – сессиясынын
2024-жылдын 29-январы №11
2024-жылдын 1-январына карата Ак-Терек айыл аймагынын бюджетинде калган акча каражатын кароо жѳнүндѳ
Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата бюджетте калган 5872,3 миӊ сом акча каражатын бѳлүштүрүлүшү жѳнүндѳгү маселе боюнча Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.А.Калыковдун доклады угулуп, талкууланып Ак-Терек айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагындагы социалдык мекемелердин жылуулук мезгилине карата кѳмүр менен камсыз кылуу үчүн мектептердин 2224 беренесине 1617,6 миӊ сом бала бакчанын 2224 беренесине 240,0 миӊ сом, АРИС аркылуу Бар-Булак айылына таза суу киргизилип жаткандыктан ѳздүк салым катары суу эсептегичтерин алып берүүгѳ ЖКХнын 22221100 беренесине 350,0 миӊ сом, эксковатор техникасын алууга ЖКХнын 31121290 беренесине 3161,1 миӊ сом, бала бакчалардын тамак ашына 2218 беренесине 396,0 миӊ сом, аппараттын кѳмүрүнѳ 2224 беренесине 105,6 миӊ сом, таза суусуна 2231 беренесине 2,0 миӊ сом каралсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмдүн башчысы К.Абдыраевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрагасы Э.Т. Үсѳновго милдеттендирилсин.
Төрага А.А. Мамбетов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева