Редакцияот 29.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Эл депутаттарынын VII – чакырылышынын   XXVII – сессиясынын

2024-жылдын 29-январы №12

2024-жылдын 1-январына карата Ак-Терек айыл аймагынын атайын эсебинде калган акча каражатын кароо жѳнүндѳ

 

       Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнүн 2024-жылдын 1-январына карата атайын каражатында калган 45,8 миӊ сом акча каражатын бѳлүштүрүлүшү жѳнүндѳгү маселе боюнча  Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Т.А.Калыковдун доклады угулуп, талкууланып  Ак-Терек айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:               

1. Ак-Терек айыл аймагындагы бала бакчалардын тамак ашы үчүн 2218 беренесине  45,8 миӊ сом акча каражаты каралсын.

2.Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн   финансы-экономикалык бѳлүмдүн башчысы К.Абдыраевге  жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрагасы Э.Т. Үсѳновго милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                     А.А. Мамбетов

Жооптуу катчы                                                                                  М.Б. Эсеналиева