Редакцияот 26.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын

 

2024-жылдын 26-январы №130

 

“Жаманкулов Өскөн Эсенкуловичке Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө”

 

         Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн профсоюздук уюмунун төрагасы Нусупов Эсенкул Буканбековичтин билдирүүсун угуп жана талкуулап , М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 25 -сессиясы

                                      Т О К Т О М К Ы Л А Т;

1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн профсоюздук уюмунун жыйынынын №98 17-январь 2024-жылдагы токтомунун негизинде Жаманкулов Өскөн Эсенкуловичке  Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө токтому колдоого алынсын.

2. Жаманкулов Өскөн Эсенкуловичке -Чолпон-Ата айылынан  2-жолу депутат болгонун ,көп жылдык үзүрлүү иштерин эске алуу жөнүндөгү Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн профсоюздук уюмунун  сунушу эске алынып, Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

3.  ”Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналышта,даталуу күндө салтанаттуу тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөну өзүмө калтырамын.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 6.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын. 7. Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет

 

 

Төрайым:  

 

 

Р.Токтоназарова