Редакцияот 04.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 4-марты № 94

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине мурдагы "Толкун" кафесинин имаратын жанаша жайгашкан жер участогу менен өткөрүп берүү жөнүндө

Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, билим берүү жана маданият чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөргө калктын жеткиликтүүлүгүнө шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, Ж.Абдрахманов көчөсү, 265 дареги боюнча жайгашкан (идентификациялык коду 2-07-02-0037-0130) мурдагы "Толкун" кафесинин имаратын жанаша жайгашкан аянты 0,38 га жер участогу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине социалдык-маданий объекттерди жайгаштыруу үчүн өткөрүп берсин.

2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунушталсын:

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке белгиленген тартипте кабыл алуу;

- өткөрүп берилүүчү объектти мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;

- өткөрүп берилүүчү объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу;

- өткөрүп берилүүчү объектти андан ары ээликтен ажыратууну жүргүзбөө жана аны жергиликтүү маанидеги социалдык маселелерди чечүү үчүн пайдалануу.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 8-мартындагы № 19 (3572) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров