М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясынын
2024-жылдын 26-январы №136
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 01.01.2024-жылга негизги эсебиндеги калган акча каражаттынын калдыгын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Респбуликасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнун башчысы А.Жолдошбекованын билдирүүсүн угуп , бюджет комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап , М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 25-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т;
1. 01.01.2024-жылга карата жалпы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнун негизги эсебиндеги 5053,0 миң сом, балдар бакчасынын атайын эсебиндеги 98,6 миң сом калгандыгы белгиленсин.
2.Жогоруда көрсөтулгөн акча каражаттары боюнча туруктуу комиссиянын маалымат,бүлдирүүлөрү эске алынсын,алар төмөндөгүчө бөлүштүрүлүп чыгымдалсын.
3111 беренеге- Ак-Тилек балдар бакчасынын кошумча курулушуна өздүк салым-126,9 миң сом
2215 беренеге – Кара-Кунгой айылына ген план иштерине- 1617,1 миң сом
2221 беренеге – Кара-Кунгой айылына тратуар курулушуна курулуш материалдарын алууга -1000,0 миң сом
2215 беренеге -Өзгөчө кырдаалдарга 114,0 миң сом
3111 беренеге Ак-Тилек балдар бакчасынын кошумча курулушуна 674,0 миң сом
2221 беренеге - Чар кайың каналына труба алууга -368,0 миң сом
2221 беренеге- Мазар-Суу жана Ак-Тектир айылдарга мал тосуучу тосмо курууга -400,0 миң сом
2221 беренеге Уроон себилген жерлерди тосуу иштерине 100,0 миң сом
2221 беренеге Мектептердин учурдагы ондоосуна -350,0 миң сом
2221 беренеге Айылдардын кочолорун жарыктандырууга 303,0 сом
2218 беренеге Балдар бакчага тамак ашына 98,6 сом
3..Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошбековага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Т.Тургунбаевке милдеттендирилсин.
5.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
7. Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөнь тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: |
Р.Токтоназарова |