КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-декабры № 639
Республикалык бюджеттен каржылануучу мекемелердин мамлекеттик сатып алууларды натыйжалуу жүргүзүүсү жана бюджеттик каражаттарды пайдалануусу жөнүндө
Республикалык бюджеттен каржылануучу мекемелердин мамлекеттик сатып алууларды натыйжалуу жүргүзүүсү жана бюджеттик каражаттарды пайдалануусу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары мамлекеттик сатып алуулардын расмий веб-порталында жайгаштырылган "республикалык бюджет" менчик формасы боюнча үнөмдөө тууралуу маалыматтын негизинде мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдөн үнөмдөлгөн каражаттардын суммасына тиешелүү бюджеттик жылга бюджеттик сметаларды азайтсын, төмөнкүлөрдөн тышкары:
- атайын эсептердин каражаттарынан;
- медициналык товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана тамак-аш азыктарын сатып алууга каралган каражаттардан;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга багытталган каражаттардан;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду жана майыптардын кресло-коляскаларын сатып алууга каралган каражаттардан;
- коргоону камсыз кылууга каралган каражаттардан;
- улуттук коопсуздук органдарынын каражаттарынан;
- ички иштер органдарынын каражаттарынан.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) республикалык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн натыйжасында үнөмдөлгөн каражаттарын чыгымдардын функциялык жана экономикалык классификациясынын тиешелүү бөлүмдөрү боюнча "Жалпы мамлекеттик чыгымдар (мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөөлөр)" бөлүмүндө топтосун;
2) ушул токтомдун 2-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн каражаттар тиешелүү бюджеттик жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдери боюнча кошумча чыгымдарды каржылоо булагы катары пайдалансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага |
| А.Жапаров |