Загрузка документа…
4-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 294 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик) карамагында болот, мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик саналат, ал тейлеген тармактык маселелер боюнча Ишкананын ишине жалпы жетекчилик кылат, координациялайт жана стратегиялык пландайт.
6. Ишкананын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие по землеустройству "Кыргызгипрозем" при Государственного агентства по земельным ресурсам, кадастру, геодезии и картографии при Кабинете Министров Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргызмамжердолбоорлоо" МИ";
- расмий тилде: "ГП "Кыргызгипрозем".
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкананын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, стандарттык бланктары жана башка атрибуттары бар.
10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантия) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Ишкананын бөлүмдөрү өзү бекиткен жоболордун негизинде иштейт.
Ишкананын бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
12. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Орозбеков көчөсү, 44.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын ишинин максаты Кыргыз Республикасынын аймагында долбоордук-изилдөө жерге жайгаштыруу жана жер-кадастрдык жумуштардын комплексин чарба жүргүзүүчү субъекттердин менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар менен келишим боюнча аткаруу болуп саналат.
14. Ишкананын милдети болуп жерге жайгаштыруу, картографиялык, кыртыштык, агрохимиялык, геоботаникалык жана башка изилдөө иштерин жүргүзүү, жер кыртышын жана өсүмдүк үлгүлөрүн талдоо болуп саналат.
15. Ишкананын функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жерге жайгаштыруу, топографиялык жана кадастрдык жумуштарды аткаруу;
- аймактын шаар куруу, экологиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жер ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун республикалык, региондук программаларын жана болжолдорун иштеп чыгууга катышуу;
- туташпоолорду, кирип кетүүлөрдү жоюу менен менчик ээлеринин жана пайдалануучулардын (анын ичинде ижарачылардын) жер участокторунун жаңы чек араларынын долбоорлорун түзүү жана мурдагыларын тартипке келтирүү, сервитуттарды белгилөө, жер участокторунун чектерин натуралай (жеринде) аныктоо, жерге жайгаштыруу иштеринин долбоорлорун даярдоо;
- жаратылыштык ландшафтты жакшыртууну эске алуу менен менчик ээлеринин жана жер пайдалануучулардын жерлерин пайдалануу, коргоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу;
- жер кыртышын суу, шамал эрозияларынан, селден, жер көчкүдөн, суу каптоодон, сазга айлануудан, кургап кетүүдөн, тыгыздалуудан, шор басуудан, өндүрүштүк калдыктар, химиялык жана радиоактивдүү заттар менен булгануудан коргоо жана бузулган жерлерди рекультивациялоо боюнча жумушчу долбоорлорду иштеп чыгуу;
- күрдүүлүгү төмөн айыл чарба жерлерин айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү жана долбоордук-сметалык документтер боюнча аткарылуучу жумуштардын сапатына автордук көзөмөл жүргүзүү үчүн өздөштүрүүгө долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу;
- пландык-картографиялык материалдарды, жерге жайгаштыруу, мелиорациялык курулуш долбоорлорун, кыртыштык, кыртыштык-мелиорациялык, геоботаникалык изилдөөлөрдүн, шордуулукту сүрөткө түшүрүү материалдарын, жер кадастрынын маалыматтарын изилдөөнүн, жерди инвентаризациялоонун негизинде жерлердин башка түрлөрүнө которуу (трансформациялоо) талап кылынган жерлердин категорияларын, жерлердин түрлөрүн жана айыл чарба жерлеринин кыртыштык-мелиорациялык абалын аныктоо жана которуунун (трансформациялоонун) негиздүүлүгү жөнүндө корутунду берүү;
- кыртыштын сапаттык абалын жана чабындылардын түшүмдүүлүгүн бонитет баллында, кургак жегенге жарактуу массадагы жайыттарды изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча жер участогунун күрдүүлүгүнүн төмөн экендиги жөнүндө корутунду даярдоо;
- айыл чарба жерлерин өздөштүрүү боюнча долбоорлонгон иштердин аткарылышы жөнүндө корутунду даярдоо;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынан тышкары, жаратылышы өзгөчө корголуучу жана башка укуктук режимдеги аймактардын чек араларын жайгаштырууну жана аныктоону негиздөө;
- жерлердин, шаардын, айылдык калктуу конуштардын жана поселоктордун чек араларын бекитүүгө катышуу;
- административдик аймактардын же алардын бир бөлүгүнүн чегинде бардык категориядагы жерлерге инвентаризация жүргүзүү;
- айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун, салык салуунун өлчөмдөрүн аныктоо, жер рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү максатында жерди баалоо жумуштарын жүргүзүү;
- жер ресурстарын пайдалануунун абалы боюнча кадастрдык, тематикалык карталарды жана атластарды түзүү;
- мамлекеттик, административдик-аймактык чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумуштарга катышуу;
- жерге жайгаштырууну жана жер кадастрын жүргүзүүдө өндүрүштүк иштерде геомаалыматтык системаларды пайдалануу;
- лицензиялык аянттын курамына кирген айыл аймактарынын так чек аралары жана аянты жөнүндө маалымат берүү;
- картографиялык материалдарды системалаштыруу жана сактоо;
- мамлекеттик жер фондуна мониторинг жүргүзүү, анын ичинде жерди аралыктан зонддоо технологияларын колдонуу менен жүргүзүү;
- аэрофотосүрөткө тартуу иштерин, анын ичинде учкучсуз учуучу аппараттарды (УУА) колдонуу менен аткаруу;
- таблицалык жана мейкиндиктик маалыматтардын, маалыматтык системалардын базасын, анын ичинде геопорталдарды түзүү;
- жерди аралыктан зонддоонун космостук системаларын түзүү, башкаруу жана күтүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу;
- лазердик инструменттердин системаларын (LIDAR) жана 360° фотокамераны колдонуу менен жерлердин үч өлчөмдүү моделдерин түзүү боюнча иштерди аткаруу;
- профилдик окутуу жана тренингдер боюнча кызмат көрсөтүү;
- өзүнүн максаттарына жетүү жана милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн аткаруу.
16. Ишкана аткарылган иштердин сапаты үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.