КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каркыра айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 8- сессиясы
2024-жылдын 05-февралындагы № 90
Каркыра айыл өкмөтүнүн алдындагы “Биримдик” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Биримдик” муниципалдык ишканасынын кайрылуусун карап чыгып Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Каркыра айыл аймагына караштуу Көөчү, Чоң-Таш айылдарынын тургундары үчүн Таза сууну пайдалануу боюнча тарифтеринин өлчөмү кубуна 29 сом 38 тыйындан бекитилсин.
2. Каркыра айыл өкмөтүнүн алдындагы “Биримдик” муниципалдык ишканасы Таза сууну пайдалануу акылары боюнча жер жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, айыл чарбасы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Б.Мукаев