КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каркыра айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын 8- сессиясы
2024-жылдын 05-февралындагы № 91
Каркыра айыл аймагындагы жайыт жерлериндеги чабыш аянттарынын жана малга төлөнүүчү жайыт акыларынын жана ошондой эле жайыт жерлерин коммерциялык багытта пайдалангандар үчүн тарифтерди бекитүү жөнүндө
Каркыра айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап чыгып Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Каркыра айыл аймагы боюнча жайыт жерлердеги чабыштардын жана малга төлөнүүчү жайыт акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Мал башына;
Жылкы – 100 сом
Уй – 100 сом
Кой – 25 сом
-Жайыт аянттарын чөп чабыш катары пайдалангандар үчүн:
0,30 га – 100 сом
0,50 га – 500 сом
1,0 га жогору – 1000 сом
- Корулган жайыт жерлери үчүн (тоо этектери, кашардын тегереги, токой ичи )
2000 сом.
2.Жайыт жерлерин башка максаттар үчүн берүүгө:
-Жеңил конструкциядагы үйлөр, боз үй тигип соода кылгандарга;
0,10 га - 3000 сомдон бекитилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жер жана айыл чарбасы боюнча
туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага К.Б.Мукаев