Редакцияот 05.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРКЫРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Каркыра айылдык  кеңешинин  XXVIII-чакырылышынын  8-сессиясы 

2024-жылдын 05-февралындагы № 93 

“Эко-Шаар-Каркыра” Жоопкерчилиги чектелген коомуна Каркыра       айыл аймагына караштуу “Чымынды-Сай” жана “Дөңгөлөк-Саз” участкаларынан  жайыт аянттарын убактылуу пайдаланууга  бөлүп берүү жөнүндө

 

        Каркыра айыл өкмөтүнүн Каркыра айыл аймагынын жайыт ресурстарын убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып жана  “Эко-Шаар-Каркыра” ЖЧКнун директору Л.В.Куценконун кайрылуусун талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин  1-пунктунун 2-подпунктунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын 4-беренесинин 1-пунктуна жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 токтому менен бекиген “Жайыт ресурстары мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” типтүү жобонун 1-бөлүмүнүн 4-пунктунун 2.4-абзацтарында белгиленген талаптарына ылайык аймактын туризм багытын туруктуу өнүктүрүү максатында жарандардын эс алуу шарттарын уюштуруу үчүн ошону менен бирге аймактагы малчылардын пикирин эске алуу менен Каркыра айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.Каркыра айыл аймагына  караштуу “Чымынды-Сай” жана “Дөнгөлөк-Саз” участкаларынан  692 га жайыт жер аянты жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга Маданий, ден соолукту чыңдоочу, туристтик, спорттук жана эс алуу иш чараларын уюштуруу үчүн “Эко-Шаар-Каркыра” ЖЧКна 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижара акысы 1-гектарына 700 сом өлчөмүндө жыл сайын төлөө менен пайдаланууга бөлүнүп берилсин.

2.Каркыра айыл аймагынын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  “Эко-Шаар-Каркыра” ЖЧК менен ижара акысын көрсөтүү менен келишим түзүүгө, иш кагаздарынын мыйзам чегинде даярдалышына жана бөлүнүп берилип жакан жер аянты жеринен тактап бөлүп берүүгө толук жоопкерчиликти алууга милдеттендирилсин.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарбасы жер жана жер казнасы боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                        К.Б.Мукаев