Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЭҢИЛЧЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

 Эңилчек айылдык аймагынын айылдык кеӊешинин XVIII чакырылышы 13 сессиясы

 

2024-жылдын   20-февралындагы   № 5

Биригүүнүн негизинде жаңы уюшулуп жаткан “Байсары уулу Кыдыр Аке  айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемесине  “Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык Кеңеши” мекемесинин  иш кагаздарын өткөрүп берүү жөнүндө

 

           Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” жобосунун негизинде айылдык аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Биригүүнүн негизинде жаңы уюшулуп жаткан “Байсары уулу Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемесине “Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык Кеңеши” мекемесинин  уюштуруу иш кагаздары өткөрүлүп берилсин.     

2. Иш кагаздарын өткөрүп берүү жагы Эӊилчек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.М.Алапаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

Төрага

А.У. Исмаилова 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                           

 

 

 

 

 

                                                                                                            Эӊилчек айылдык аймагынын

                                                                                                         айылдык кеңешинин 2024-жылдын

                                                                                                           20-февралындагы №5 токтому

                                                                                                           менен бекитилди

     

“Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин иш кагаздарын  биригүүнүн негизинде жаңы уюшулуп жаткан “Байсары уулу Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши” мекемесине  

өткөрүп берүүнүн актысы

Теплоключенка айылы                                                 «_____»___________2024-ж.

 

«Теплоключенка айылдык кеңеши» мекемеси, «Кереге-Таш айылдык кеңеши» мекемеси жана» Эңилчек айылдык аймагынын айылдык Кеңеши»  мекемеси бириктирүү жолу менен «Байсары уулу Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши» болуп түзүлүп, мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып, мекемелердин бардык укуктары жана милдеттери укук улантуучуга өтөт деп эсептелинсин, атап айтканда:

Мекеме төмөнкү документтерди тиркемеге ылайык укугу өтүүчүгө өткөрүп берет:

1.1. Мекеменин уюштуруу документтерин.

1.2. Мекеменин балансындагы мүлккө болгон укуктарын ырастоочу документтер.

1.3. Мекеменин ички документтери жана отчетторун.

1.4. Архивге туруктуу сактоого өткөрүлүп берилген мекеменин иш кагаздарынын инвентаризациясы.

1.5. Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен мекемелик документтерди жок кылууга берүү жөнүндө актылар.

Ушул Өткөрүп берүү актысына ылайык, Мекеменин бардык укуктары жана милдеттери Укугу өтүүчүгө өтөт.

Мекемелер өткөрүп берет, ал эми Укугу өтүүчү бардык карызкорлорго, кредиторлорго, ошондой эле Мекемелерге өз милдеттенмелерин мөөнөтүнөн мурда аткаргандыгы же тиешелүү милдеттенмелери токтотулгандыгы жөнүндө билдирбеген бардык кредиторлорго карата бардык укуктарды жана милдеттерди өзүнө алат.

Бул Өткөрүп берүү актысына Мекемеден көчүрмөлөрдү ырааттуу өткөрүп берүүнүн натыйжасында ыйгарылуучу тарап тарабынан ырааттуу түрдө кол коюлат жана бирдей юридикалык күчкө ээ үч нускада түзүлөт.

 

Өткөрүп берди:

“Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык Кеңеши” мекемесинин

башчысы-төрага

 

_______________________

 

                       А.У.Исмаилова

Өткөрүп алды:

“Байсары уулу Кыдыр Аке айыл аймагынын  жергиликтүү кеңеши” мекемесинин

башчысы-төрага

 

_______________________

 

                       А.И.Алмабеков

 

 

 

Эӊилчекайылдык аймагынын айылдык Кеңешинин

 2024-жылдын 20-февралындагы

 №5  токтомуна  ылайык

 

           “Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык Кеңеши” мекемесинин уюштуруу документтерин мамлекеттик каттоо органына өткөрүлүүчү күбөлүк, жобо, ушул жобону бекиткен токтом жана мөөрдү жаны уюшулуп жаткан “Байсары уулу Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешине

 

ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ АКТЫСЫ

 

 

№

Документтин индекси 

Документтин аталышы

Жылы

Делолордун саны

Барактын саны

1

01-1

Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин күбөлүгү

 

1

 

2

01-1

Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык кеңешинин жобосу (бекитилген токтому менен)

 

1

 

3

 

Эӊилчек айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин мөөрү

 

1

 

Өткөрүп берди:

“Эӊилчек айылдык аймагынын  айылдык Кеңеши” мекемесинин

башчысы-төрага

 

_________________

 

                         А.У.Исмаилова

Өткөрүп алды:

“Байсары уулу Кыдыр Аке айыл аймагынын  жергиликтүү кеңеши” мекемесинин

башчысы-төрага

 

_______________________

 

                       А.И.Алмабеков