ОРТОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI- чакырылыштагы кезектүү 26 - сессиясы
2023-жылдын 9-февралы № 3
Орток аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынын көлөмү 1294672 сомго бекитилсин.
2. Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттары 1294672 сом. Эки-Нарын айылынын фудбол аянтчасына өздүк салым үчүн 200,0 миң сом, “Оорук-Там Келечеги” бала бакчага өздүк салым үчүн 100,0 сом төмөндөгүдөй статьяларга, жумшалсын.
№ | Статья | Мазмуну | сумма |
1 | 3111 | Курулмаларды капиталдык оңдоо | 300,0 |
Баары | 300,0 | ||
3. Акча каражаттарын которуп берүү жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э.Айсаевага тапшырылсын.
4. Токтомду Ortok. naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Асанкожоевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Океновго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Субанбеков |