Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын

 

2024-жылдын 7-февраль №142

 

Чолпон-Ата айыл аймагында органикалык аймак түзүү жөнүндө.          

 

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловдун Чолпон-Ата айыл аймагында органикалык аймак түзүү жөнүндө билдируусун угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл өкмөтүндө Органикалык айыл чарбасынын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү технологияларын жайылтуу ,жашоочуларына экологиялык таза азыктар менен камсыз кылуу ,өндүрүлгөн органикалык азыктарды сатууга өбөлгө тузүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык абалдарын жакшыртуу аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Чолпон-Ата органикалык аймагы болуп түзүлсүн.

2.Органикалык аймактарта органикалык айыл чарба технологияларын жайылтуу биопрепораттарды колдонуу,органикалык азыктарды өндүрүү кайра иштетүү ,тангактоо,сактоо,сатуу стандарттары жана сертификаттоо эрежелери боюнча практикалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди жандандыруу ,инвестинция тартуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба Министирлигинин органикалык айыл чарба департаментинен суралсын.

3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин жер маселелери боюнча комитетине милдеттендирилсин.

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5.Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет

 

 

Төрайым:

 

 

Р.Токтоназарова