М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын
2024-жылдын 7-февраль №143
Т.Сатылгановдун мемориалдык үй-музейинин башчысы Г.Осмонованын жана Ж.Бөкөнбаев музейинин башчысы А.Жаманкулованын билдирүүлөрү жөнүндө.
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын депутаты А.Жаманкулованын билдируусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Т.Сатылгановдун мемориалдык үй-музейинин башчысы Г.Осмонованын жана Ж.Бөкөнбаев музейинин башчысы А.Жаманкулованын музейлерге кирүү акысын бекитип берүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2.Музейлерге келген көрүчүлөрдүн,туристердин,окуучулардын кирүү акысы төмөндөгүдөй баада бекитилсин.
Чет мамлекеттен келген туристерге -150 сом
Келген көрүүчулөргө-40 сом
Окуучуларга- 20сом
3.Кирүү акысынан түшкөн акча каражатынын мыйзамдуу пайдалануу жагы Т.Сатылгановдун мемориалдык үй-музейинин башчысы Г.Осмоновага жана Ж.Бөкөнбаев музейинин башчысы А.Жаманкуловага милдеттендирилсин
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
6.Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн
тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
Төрайым: |
Р.Токтоназарова |