Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын

 

2024-жылдын 7-февраль №144

 

Чолпон-Ата айыл айымагындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы музейинде жайгашкан эс алуу паркына балдар ойноочу аянтча куруу жөнүндө .

 

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы Ж.Бөкөнбаев атындагы музейинин жетектөөчү илимий кызматкери А.Жаманкулованын билдируусун угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1. Чолпон-Ата айыл айымагындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы музейинде жайгашкан эс алуу паркына балдар ойноочу аянтча куруу жөнүндөгү долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.

2.Долбоорду ишке ашыруу максатында керектелүүчү 265954сом акча каражаты Токтогул райондук өнүктүрүү фондусунун байкоочу Кеңешине баардык иш кагаздары даярдалып сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо,маданият,спорт, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5.Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет

 

 

Төрайым:

 

 

Р.Токтоназарова