Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын

 

2024-жылдын 7-февраль №145

 

Чолпон-Ата айыл айымагындагы Кара-Күнгөй айылынын 181 га жер аянтына генералдык план даярдоо жөнүндө .

 

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы Кара-Күнгөй айылынын депутаты Т.Бобушовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1. Чолпон-Ата айыл айымагындагы Кара-Күнгөй айылынын 181га жер аянтына генералдык план даярдоо жөнүндөгү долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.

2.Долбоорду ишке ашыруу максатында керектелүүчү 1250 000 сом акча каражаты Токтогул райондук өнүктүрүү фондусунун байкоочу Кеңешине баардык иш кагаздары даярдалып сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо,маданият,спорт, коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

5.Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет

 

 

 

 

Төрайым:

 

 

Р.Токтоназарова