Редакцияот 07.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын

 

2024-жылдын 7-февраль №146

 

Чолпон-Ата айыл аймагындагы Чолпон-Ата айылында жайгашкан чон ортонку көчөлөргө элдер жүрүүчу жол (тратуар) ачуу жөнүндө.

М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы Кара-Күнгөй айылынын депутаты Т.Бобушовдун Чолпон-Ата айылында элдер жүрүүчу жол(тратуар) жоктугуна байланыштуу жана элдердин коопсуздугун эске алуу жөнүндөгү билдируусун угуп жана талкуулап

                                           

ТОКТОМ КЫЛАТ.

 

1. Кара-Күнгөй айылынын депутаты Т.Бобушовдун Чолпон-Ата айылында элдер жүрүүчү жол(тратуар) жоктугуна байланыштуу жана элдердин коопсуздугун эске алуу жөнундөгү билдируусу эске алынсын.

2. Чолпон-Ата айыл аймагындагы Чолпон-Ата айылында жайгашкан чон ортонку көчөлөргө элдер жүрүүчу жол (тратуар) ачууга уруксат берилсин.

3..Жол ачуу үчүн жерди көрсөтүп берүү жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнун жер адиси А.Асакеевге тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципиалдык менчик, жер,эайыт,экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

6.Бул токтом cholpon-ata-ao.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет

 

 

 

Төрайым:

 

 

Р.Токтоназарова