М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын
2024-жылдын 7-февраль №147
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Тектир айылынын тургуну Муратова Гүлзаттын жана Мазар-Суу айылынын тургуну Байызов Кыркжылдыктын өтүнүч каттары жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кенешинин депутаттары А.Жаманкулованын жана Г.Исаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап ,М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Ак-Тектир айылынын тургуну Г.Муратованын азыркы учурда ден соолугу начарлап, чет мамлекетте дарыланып жаткандыгына байланыштуу 2721 беренсинен10 мин сом акча каражаты бөлүнуп берилсин.
2 . Мазар-Суу айылынын тургуну Байызов Кыркжылдыкты кызы Кыржылдык кызы Айбийке 1 группадагы майып болгондуктан операция жасатуу үчун чон сумма талап кылынып жаткандыктан 2721 беренесинен 10мин сом акча каражаты бөлүнуп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловго тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
6. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: |
Р.Токтоназарова |