М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын
2024-жылдын 7-февраль №148
Чолпон-Ата айыл аймагынын калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн зоналык коэффициэнттин маанисин белгилөө жөнүндө.
Кыргыз республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына,салык Кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык,Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Э.Нусуповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап ,М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл аймагынын калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн зоналык коэффициэнттин мааниси Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн баардык экономикалык пландоо зоналарга бирдей 1.2 өлчөмүндө бекитилсин.
2.Зоналык коэффициэнттин 1.2 өлчөмү 2025-жылдын 1-январынан баштап колдонууга киргизилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Жаманкуловго тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5.Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
6.Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: |
Р.Токтоназарова |