Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын

1-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 6

 

Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Бала-Саруу айылынын тургуну Рыскелдиев Адилхан Рыскелдиевич Покровка айыл аймагынын ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дүйшөбаевдин кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2051 аскер бөлүгүнүн улук чалгынчы минамет аткыч топ командири, 2022-жылы Баткен облусунун Кулунду айылында Тажиктер менен болгон чек ара кагылышуусунда жарадар болгон, Рыскелдиев Адилхан Рыскелдиевичке “Покровка айыл аймагынын ардактуу атуулу”наамы ыйларылсын.

 

2. Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) “Ардактуу атуул” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов