ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 25-январы № 9
Покровка айылына жаңы заманбап бала-бакча куруу жөнүндө
Покровка айылынын К.Жаманкулов менен Кызыл Туу көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк тарабындагы Покровка айыл өкмөтүнүн балансындагы 0,40га жер аянтына заманбап бала-бакча куруу жөнүндөгү Покровка айылынын тургуну М.Сарногоевдин кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылынын тургуну М.Сарногоевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айылынын К.Жаманкулов менен Кызыл Туу көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк тарабындагы Покровка айыл өкмөтүнүн балансындагы 0,40га жер аянтына заманбап бала-бакча куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 13 000 000 (он үч млн.) сом бөлүнсүн.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |