Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын

1-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 10

 

Жайыт кенелеринен арылуу жөнүндө

 

Малдарга жайыт кенелери аркылуу жугуучу ылаңдарды алдын алуу жөнүндөгү Манас райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы А.Ахметовдун кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Манас райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы А.Ахметовдун кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2. Покровка айыл аймактарындагы саздуу жерлердеги мал жушоочу жайлардан ооруну алып жүрүүчү мал кенелери, кан соруучу чымын-чиркейлерди жок кылып, оорулардын алдын алууга керектелүүчү дезокаражаттарга, дары-дармектерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен 25 000 сом болүнсүн.

 

3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов