Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын

1-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 11

 

Бердигулов Заирбек жөнүндө

Покровка айылынын тургуну З.Бердигулов бөйрөгүнөн катуу ооруп жаткандыгы жөнүндөгү кайрылуусун айылдык кеңеш талкуулап;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айылынын тургуну Акимова Матлюбанын кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бердигулов Заирбек Керимович бөйрөгүнөн катуу ооруп азыркы кезде гемодиализ аппаратынын жардамы менен дарыланып жаткандыгына байланыштуу, жардам катары жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. КЭБнүн башчысына (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

 

4. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов