ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын
1-кезектеги сессиясы
2024-жылдын 25-январы № 13
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2023-жылдын 20-апрель айында кабыл алынган №154-НИ «Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо тартиби жөнүндөгү» буйругунун негизинде жана ушул Жобонун талаптарына ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Покровка айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Покровка айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долборлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Покровка айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдарынын жыйынтыгына оңдоо-түздөө иштерине киргизилген өзгөртүүлөр материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Покровка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.У.Джапаркулов |