Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 26-чакырылышынын

1-кезектеги сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы № 17

 

Покровка орто мектебинин филиалы жөнүндө

Кызыл Туу көчөсүндө жайгашкан Покровка орто мектебинин филиалынын алдына арка коюп жана эшигинин алдын цементтеп, отургучтарды орнотуу жөнүндөгү мектептеп директору Ж.Джунусовдун кайрылуусун угуп талкуулап Покровка айылдык кеңеш;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка орто мектебинин директору Ж.Джунусовдун кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2. Кызыл Туу көчөсүндө жайгашкан Покровка орто мектебинин филиалынын алдына арка коюп жана эшигинин алдын цементтеп, отургучтарды орнотуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 800 000сом акча каражаты бөлүнсүн.

3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Т.У.Джапаркулов