Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 19-февралы № 18

 

Карьер ачуу жөнүндө

 

Кең-Арал айылынын тургуну Суюмбаев Кулжандын кайрылуусун карап, талкуулап Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын 3-сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Арал айылынын батыш тарабындагы жайгашкан №164 чөйрө сызыгындагы 0,10га жер аянтын убактылуу карьер кылуу үчүн 10 (он) жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.

а) ижарачы ижарага алган жерди 5(беш) жылдык мөөнөт ичинде сатылган кум, шагылдын 20 пайызын Кең-Арал айыл өкмөтүнө кириштелсин;

б) карьер 10 жылдын ичинде толук кандуу ишке киргенден баштап ижаранын суммасы жаңы келишим менен аныкталаары эске алынсын;

в) келишимдин 10 жылдык мөөнөтү аяктаганда Суюмбаев Кулжандын сарптаган убакыт жана каражатын эске алуу менен К.Суюмбаевге ижарага түз берүү менен келишим түзүлсүн.

2.Токтомдун талаптарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүнүн башчысы Ч.Алымкуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төраганын орун басары

 

Н.Сулайманкулова