КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV-сессиясы
2024-жылдын 1-марты № 52
Коомдук тартипти сактоонун жана жол коопсуздугунун алдын алуунун абалы жөнүндө
Баткен РИИБнүн Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы милициянын улук участкалык тескөөчүсү милициянын капитаны Ж.Карабаевдин 2023-жылга карата аткарылган иштери боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Баткен РИИБнүн милициянын участкалык тескөөчүлөрүнүн Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук тартипти сактоонун жана жол коопсуздугунун алдын алуу боюнча 2023-жылга карата аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |