КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXV-сессиясы
2024-жылдын 1-марты № 55
Кара-Булак айылдык кеңешинин “Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдында жер комиссиясынын курамын бекитүү” жөнүндөгү 09.03.2023-жылдагы № 20 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 1-мартындагы № 221 сандуу чыгыш катынын негизинде, айылдык кенештин 2023-жылдын 9-мартындагы № 20 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кара-Булак айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Жайнаков Абдалим- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы.
2. Назаров Абдраим- коомчулуктан, комиссиянын төрагасынын орун басары.
3. Мисиралиев Алтынбек- айыл өкмөтүнүн башчысы, комиссиянын мүчөсү.
4. Дубанаева Назгүл - Кара-Булак айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.
5. Шакиров Максатбек- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
6. Орозов Кудайберди- коомчулуктан, комиссиянын мүчөсү.
7. Аскарова Нурила- айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
8. Аппазов Сайдимар - Баткен райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адиси байкоочу катары (макулдашуу менен).
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | К.Шакиров |