АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги ХII сессиясы
2024-жылдын 16-февралы № 12-2
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы № 3-1 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алгандыгына байланыштуу жана эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын төрагасы болуп Толубаев Эрмек Толубаевич шайлангандыгы белгиленсин;
2. Э. Толубаевдин төрага болуп шайлангандыгына байланыштуу төраганын орун басары кызматындагы ыйгарым укуктары токтотулсун;
3. Төрага Э.Толубаевдин шайлангандыгы тууралуу Нарын облусунун юстиция башкармалыгына маалымдалсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
Г.Асанова |