АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги ХII сессиясы
2024-жылдын 16-февралы № 12-6
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн
иш планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н. Кемелованын сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин (1-тиркеме тиркелет 3 (үч) баракта);
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына жана Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага
|
Э. Толубаев |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын 16-февраль
2024-жылдагы кезектеги XII сессиясынын
№12-6 токтомуна 1-тиркеме
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жыл үчүн
И Ш П Л А Н Ы
№ | Каралуучу маселелердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
1 | Айылдык кеңештин 2024-жылга карата иш планын бекитүү
| 1-квартал | Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Э.Толубаев, Г.Асанова, туруктуу комиссиянын төрагалары |
2 | 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу отчетун угуу | 1-квартал | Айыл өкмөт башчысы Р. Докоев, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору К.Кулуев |
3 | Айыл өкмөттүн 2023-жыл ичиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө | 1-квартал | Туруктуу комиссиянын төрагасы Э. Абдымаликов, Айыл өкмөтүнүн ФЭСӨБдин башчысы К. Жапаров |
4 | Ат-Башы айыл аймагынын 2024-жылга карата бюджетин бекитүү | 1-квартал | Айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоев, ФЭСӨБдин башчысы К. Жапаров, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Абдымаликов |
5 | Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2024-жылга карата калдык акча каражатынын пайдалануу багытын аныктоо | 1-квартал | Айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоев, СЭБдин башчысы К.Жапаров, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Абдымаликов
|
6 | 2023-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча жайыт комитетинин отчетун угуу. | 1-квартал | Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайынды айылдарынын жайыт комитетинин төрагалары, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Сооронбаев |
7 | Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2023-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
| 1-квартал | Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
8 | Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2024-жылга карата иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү. Айылдагы жазгы айдап-себүү, көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы, КБФ жерлерин бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология иштери жөнүндө
| 2-квартал | Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу, жайыт жана айыл чарба маселелри боюнча башкы адис Р.Мүсүралиев, Ат-Башф, Ача-Кайынды, Ак-Жар айылдарынын жайыт комитетинин төрагалары, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Сооронбаев
|
9 | Ат-Башы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, айыл өкмөткө инвестицияларды жана гранттарды тартуу иштери, мектептерде, бала-бакчаларда тамак-аштын берилиши жана өткөрүлгөн тендерлер боюнча
| 2-квартал | Айыл өкмөт башчысы Р.Докоев, ФЭСӨБдин башчысы К.Жапаров, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Абдымаликов, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү |
10 | Ат-Башы, Ача-Кайынды, Ак-Жар айылдарындагы жашылдандыруу-көрктөндүрүү жана жалпы тазалык иштеринин жүрүшү, көчө жарыгынын абалы жөнүндө
| 2-квартал | Айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоев, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору К.Кулуев, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Сооронбаев |
11 | Ат-Башы айыл аймагындагы жугуштуу илдеттердин алдын алуу жана эпизоотиялык абал (эмдөө, санитардык, санитардык иштер, идентификация) жөнүндө | 2-квартал | Айыл өкмөттүнветеринария жана малчарбачылык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Н.Майрамбеков, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Мелис уулу |
12 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык көрүү | 2-квартал | Айыл өкмөттүн жер, турак жай, өзгөчө кырдаалдар жана муниципалдык менчик иштери боюнча башкы адис А. Каленов, курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы И.Мелисов
|
13 | 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери тууралуу отчетун угуу | 3-квартал | Айыл өкмөт башчысы Р.Докоев, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору К. Кулуев |
14 | Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы | 3-квартал | Айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоев, жайыт комитетинин төрагасы А.Манапбаев, жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Сооронбаев |
15 | Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары | 3-квартал | Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары А.Жумалиев, бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Абдымаликов |
16 | Айыл аймактагы диний экстремизм, терроризм, кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү, коомдук тартипти сактоонун абалы жана Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) иштери жөнүндө | 4-квартал | Айыл өкмөттүн юридикалык иштер, пробация жана коомдук тартип иштери боюнча башкы адис-юрист Н. Карыбеков, Аксакалдар сотунун төрагасы С.Өмүралиев, участкалык инспекторлор, Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дүйшөнов |
17 | Айыл аймактагы спорт жана жалпы социалдык маселердин абалы (маданий жана спорттук иш чаралар, зордук зомбулуктун алдын алуу, социалдык жана гуманитардык жардам, туризмди өнүктүрүү) жөнүндө
| 4-квартал | Айыл өкмөттүн социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана миграция боюнча башкы адис Г. Сакатаева, Ак-Жар, Ат-Башы, Ача-Кайынды айылдарынын маданият кызматкерлери, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Мелис уулу
|
18 | Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкан жана айыл аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон жарандардын ишине баа берип, жылдын аягында аларды сыйлоо | 4-квартал | Кенештин төрагасы жана орун басарлары |