Редакцияот 02.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXХI СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 2-марты № 1

Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше

жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүү жөнүндө

 

             Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө Кыргыз Республикасынын  “Бюджеттик кодексинин” жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

 

1.              Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана   чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).

2.              Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде, Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 23474,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.

3.              Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаардык мэриясынын   буйругу менен берилген  2000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.

4.              Нарын шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин атайын каржатынын планына Кырыз Республикасынын финансы министрлигинен алымча кошумча такташуулардан кийин 2872,4 миң сом такталган планы бекитилсин.

5.              Токтомду аткаруу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

Төрага

А. Молдосалиев