АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын кезектеги XXIII сессиясынын
2024-жылдын 9-февралы №2
О.Надырбеков көчөсүн транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүү жөнүндө
Инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын протоколун угуп жана талкуулап Арал айылдык кенешинин ХХI чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы токтом кылат:
1. Калктуу конуштун чегинин ичиндеги жайгашкан О.Надырбеков көчөсүн оңдоону жана күтүүнү камсыз кылуучу, чарбачылыкты жүргүзүүгө же ыкчам башкарууга укугу бар транспорт жана жолдор чөйрөсүндөгү ыгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. О.Надырбеков көчөсүнө тиешелүү документтерди даярдап өткөрүп берүү айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Жакыповго милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешти төрагасы |
Т.Оморов |