Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясынын

 

2024-жылдын 30-январынын №2

 

“1-Май айылынын Боз участкасындагы эски колхоздон калган бакты айыл өкмөттүн балансасына алуу жөнүндө”

           

         Кеңеш айыл өкмөтүнүн 30.01.2024-жылдагы № 01-17/103 сандуу катына негиз 1-Май айылынын Боз участкасындагы эски колхоздон калган бакты айыл өкмөттүн балансасына алып муниципалдык менчикке каттоо максатында Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXIII-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:

 

1.    Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу 1-Май айылынын Боз участкасындагы эски колхоздон калган бакты айыл өкмөттүн балансасына алып муниципалдык менчикке каттоо жагы жактырылсын.

 

2.    Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана жер адисине милдеттендирилсин

 

3.    Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.

 

4.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.

 

5.    Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Азимбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.М. Канполотов