Редакцияот 20.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тогуз-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы

 

2024-жылдын 20-январы № 3

        Тегирменти –таза суу ИСКАКБсынын  2023-жылда аткарган иштерин кароо жана 2024-жылга карата бюджетин, таза сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндө

 

Тогуз-Булак айылдык кенешинин 7-чакырылышынын  кезектеги 1-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып

 

                                             ТОКТОМ    КЫЛАТ:

          1.Тегирменти-таза суу ИСКАКБсынын төрагасы А.Сатыкуловдун 2023-жыл үчүн  берген билдирүүсү канаатандырарлык деп табылсын, 2024-жылдын бюджети жана ичүүчү сууга коюлган тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

·       Тегирменти таза суу ИСКАКБ сынын 2024-жылга суу керектөөчүлөргө бир жанга көчөдөн алган адамдарга бир айга 20 сомдон , мектеп окуучулары жана тарбияланып жаткан балдарга бир айга 10 сомдон, дүкөндөргө бир айга 20 сомдон жана коомдук , менчигинин түрүнө карабастан ишканалар үчүн таза сууга болгон төлөм өз ара келишимдин негизинде жүргүзүлсүн.

·       Таза суу түтүгүн короосуна  киргизген  атуулдарга суу эсептегич орнотконго чейин таза суу акысы айына 600 (алты жүз) сомдон бекитилсин.

·       Көчөдө суу түтүгүнө жакын үй бүлөлөрдүн короосуна киргизилген суу түтүктөрү жана талапка жооп бербеген жеке менчик суу түтүктөрү кесилсин.

·       Таза сууну сугат суу катары колдонууга тыюу салынсын.

·       Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана кээ бир кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы ИСКАКБ синин жетекчилигине милдеттендирилсин.

·       Тегирменти таза суу ИСКАКБсынын 2024-жылга бюджети бекитилсин.

·       Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

Айылдык кеңештин төрагасы

К.Ражапов