ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 20-январы № 4
Тогуз-Булак айыл Өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетинин аткарылышы, 2024- жылдын бюджетин жана 2025-2026-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө.
Тогуз-Булак айылдык Округунун 2023-жылга бекитилген бюджетинин аткарылышы, Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан 2024-2025-2026-жылдарга берилген контролдук цифра боюнча Тогуз-Булак айылдык Округунун финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Кудайбердиевдин, Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Тогуз-Булак айылдык Округунун 2024-жылга бюджети «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө», мыйзамдарынын жана Кыргыз республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде түзүлгөндүгүн белгилеп жогорудагылардын негизинде Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин кезектеги сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т .
1. Тогуз-Булак айылдык Округунун 2023-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл
ичинде өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичиндеги бюджет 41414,7 мин
сом эсебинде киреше жана чыгашалары №1-2- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тогуз-Булак айылдык Округунун 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары
29622,4 мин сом олчомундо №3-4- тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Тогуз-Булак айылдык Округунун 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун
киреше жана чыгашаларынын негизги көрсөткүчтөрү 31143,4 мин сом,2026-жылга 32516,4
мин сом өлчөмүндө № 5 тиркемеге ылайык жактырылсын.
5. 2024-жылга Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдештирүүчү гранттардын
өлчөмдөрү каралып, биринчи кезекте эмгек акы, социалдык фондко, коммуналдык
чыгымдарга чыгымдала тургандыгы белгиленсин, алардын өлчөмдөрү №6-тиркемеге,
жергиликтүү салыктардын нормативтери №7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Лейлек башкармалыгынын казына бөлүмү аркылуу Тогуз-Булак айылдык Кеңешинин аймагынан чогулган салыктар,жыйымдар жана атайын каражаттар Тогуз-Булак айыл аймагынын эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин.Тогуз-Булак айылдык Округунун администрациясына жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү боюнча иш чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын.
7. 2024-жылга Тогуз-Булак айылдык Округунун бюджетинин чыгымдарын
каржылоо, анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы
белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек
акыларды төлөө, социалдык фондко чегерүү, коммуналдык кызматтарга, дары-дармек
жана тамак-аш сатып алууга)
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтуу мамлекеттик администрация
жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Тогуз-Булак айылдык
Округунун аймагындагы айылдык социалдык коргоо жактан жеңилдиктер, граждандык
коргонуу Тогуз-Булак айылдык Округунун бюджетинен каржылансын.
9. 2024-жылдын 1-январына бюджеттик каражаттардан калган 1554925,67 (бир миллион
беш жуз элуу торт мин тогуз жуз жыйырма беш сом 67 тыйын ) сом акча
каражаттарынын сметасы № 8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Тогуз-Булак айылдык Округунун 2023-жылда каржыланбай калган чыгымдары 2024-
жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
11. Тогуз-Булак айылдык Округунун бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр айылдык
Кеңештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
12. Тогуз-Булак айылдык Округунун бюджети боюнча 2024-жылдын 1-январына
карата жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча 50 миң сом суммасында белгиленсин.
13. Тогуз-Булак айылдык Округунун 2024-жылга кабыл алынган бюджети 2024-жылдын
1-январынан баштап ишке киргизилсин.