ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Булак айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги I-сессиясы
2024-жылдын 20-январы № 7
Тогуз-Булак айыл аймагынын эсептик балансында турган бетон каналдар жана Л-60 лотокторду Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кенешинин 7-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы жогорудагы маселе боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айыл аймагынын эсептик балансында турган бетон каналдар жана Л-60 лотоктор төмөнкү тизме боюнча Лейлек райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
1) Бетон каналдар:
-Таш-кыя участкасы- 5 000 метр
-Кичик-суу участкасы-1 000 метр
-Шор-көл участкасы-1 161 метр
-Катта суу участкасы-2 000 метр
-Шоаз участкасы-39 метр
-Миң-Жыгач а. Л-60- 6 000 метр
-Шоаз- Карагатты Л-60- 13 600 метр
-Актам участкасы Л-40- 1 055 метр
Баланстагы эсеби-16 186 500 сом
2) Жер асты менен тартылган сугат суу түтүктөрү П/Э 450 мм:
-Танги-оозу Айбике- 5450 метр
Баланстагы эсеби -31 500 000 сом
Жалпы эсеп балансында көрсөтүлгөн баасы-47 686 500 сом
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо Тогуз-Булак айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевге ,Саркент-суу СПА нын башчысы А.Жапаровго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы | К.Ражапов |