Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 10-августундагы № 536
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-январындагы № 5 токтому менен бекитилди) |
Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана
бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун
квалификациялык сертификатын берүү, бухгалтердик эсеп жана
аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык
сертификаттарды таануу тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-сентябрындагы № 556 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартиби (мындан ары - Тартип) аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна талапкер жеке адамдардын, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын арасында квалификациялык экзаменди уюштуруу жана өткөрүү тартибин регламенттейт.
2. Ушул Тартип экзамендерди уюштурууга жана өткөрүүгө, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таанууга, аудитордун квалификациялык сертификатын берүүгө жана бухгалтердик эсеп жана аудит жаатында эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таанууга талаптарды белгилейт, алар Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча Кеңеш тарабынан чыгарылуучу билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келет.
3. Аудитордун квалификациялык сертификатын алуу укугуна экзамендер талапкерлердин квалификациясынын деңгээлин объективдүү жана ачык баалоо максатында өткөрүлөт.
4. Ушул Тартипте пайдаланылуучу түшүнүк жана терминдер аудитордук иш жаатындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мааниде түшүнүлөт жана колдонулат.
2-глава. Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы
5. Аудитордун кесиптик квалификациясын алуу максатында талапкер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген, Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш чыгарган Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык келген аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы (мындан ары - КК программасы) боюнча экзамен тапшырат.
6. Аудитордун КК программасы бизнес чөйрөсүнүн татаалдыгына, тактыгына жана аныктыгына жараша үч деңгээлге бөлүнгөн 12 экзаменди камтыйт: негизги (биринчи), орто (экинчи) жана алдынкы (үчүнчү).
7. Аудитордун КК программасынын базалык (биринчи) деңгээлдеги экзамендери окуу программалары "Бизнести башкаруу жана технологиялар", "Финансылык эсеп", "Башкаруу эсеби" дисциплиналары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитацияланган кесиптик аудитордук бирикмелерде (мындан ары - КАБ) тапшырылат.
8. Ар бир базалык (биринчи) деңгээлдеги дисциплинанын экзамендери сценарийлерден жана тесттик суроолордон турат жана 3 бөлүмдү камтыйт:
- биринчи бөлүм боюнча 10 суроо 1 баллдан (туура/туура эмес);
- экинчи бөлүм боюнча бир нече варианттуу 30 суроо 2 баллдан;
- үчүнчү бөлүм боюнча 2 (эки) сценарий (15 балл) алардын ар бири жооптордун көп тандоосу менен 5 суроону камтыйт.
9. Аудитордун КК программасынын орто (экинчи) деңгээлдеги экзамендери КАБ окуу программаларына тапшырылат, алар "Финансылык отчеттуулук", "Ишкананын ишинин натыйжалуулугун башкаруу", "Финансылык менеджмент", "Салык салуу", "Аудиттин практикасы жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу" дисциплиналары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитацияланат.
10. Ар бир орто (экинчи) деңгээлдеги дисциплинанын экзамендери сценарийлерден жана суроолордон турат жана 3 бөлүмдү камтыйт:
- биринчи бөлүм боюнча 15 (он беш) суроо көп тандоо жооптору менен 2 баллдан;
- экинчи бөлүм боюнча 3 (үч) сценарий 10 баллдан, алардын ар бири жоопторду көп тандоо менен 5 суроону камтыйт;
- үчүнчү бөлүм боюнча 2 (эки) ачык суроо, ар бири 20 баллдан толук жоопту талап кылат.
11. Аудитордун КК программасынын алдынкы (үчүнчү) деңгээлдеги экзамендери "Финансылык отчеттулук жана баалоо", "Бизнес - стратегия, башкаруу жана кооптуулук - менеджмент", "Алдынкы аудит" дисциплиналары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тапшырылат.
12. Аудитордун ЖК программасынын ар бир алдынкы (үчүнчү) деңгээлдеги экзамендери 2 бөлүмдөн турат жана 4 сценарийге негизделген милдеттүү ачык суроолордон турат, алардын ар бири бир нече суроолордон турат. Ар бир тапшырма үчүн суммалык баа 20дан 30 баллга чейин.
13. Аудитордун кесиптик квалификациясынын аудиторунун КК программасынын дисциплиналары боюнча мүмкүн болгон 100 баллдан ар бир экзамен 50 же андан көп балл топтоодо ийгиликтүү өттү деп эсептелет.