Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 25-январы № 5

 

Алтынкыз-Токтобүбү атындагы балдар бакчасын

капиталдык оңдоо түзөөдөн өткөрүү жөнүндө

 

Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 25-январындагы кезексиз 18-сессиясы протоколдун негизинде;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акназаров айыл аймагына караштуу Маданият айылындагы Алтынкыз-Токтобүбү атындагы балдар бакчасын капиталдык оңдоо түзөөдөнөткөрүү керектүү жана максаттуу деп табылсын.

2. 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1 000,0 миң сом акча каражаты Алтынкыз- Токтобүбү атындагы балдар бакчасын капиталды оңдоо түзөөдөнөткөрүү долбооруна салым катары бөлүнүп берилсин.

3. 2024-жылга каралуучу дем берүүчү (үлүштүк) гранттын тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Б.Уметалиевага жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовго жүктөлсүн.

5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

К.Жорготаев