Редакцияот 27.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-САЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз №17 сессиясы

2023-жылдын 27-сентябры №01-3/1

Айтматов районунда административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылдык аймактык кеңеши токтом кылат:

 

1.  Айтматов районундагы административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча жумушчу тобунун 2023-жылдын 22-августундагы №3 чечими колдоого алынсын.

2.  Шекер айыл аймагына Көк-Сай жана Шекер айыл аймагын бириктирүү менен Шекер айыл аймагы болуп аталсын.

3.  Бириккен Шекер айыл аймагынын борбору Көк-Сай айылында жайгашсын.

4.  Бириктирилип жаткан айыл аймактын картасын, чек араларын, жайыт жер аянттарын, калкынын санын тактоо иштери райондук мамлекеттик администрациясында түзүлгөн жумушчу тобу менен иш алып баруу жагы Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чомотоевге жүктөлсүн.

5.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Мискенбаевге жүктөлсүн.

6.  Токтом Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин Koksai.org.kg веб сайтына жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Т.Салыбеков