КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 18-чакырылышынын
1-кезектүү сессиясы
2023-жылдын 22-сентябры № 1/2
Кара-Суу айыл аймагынын «2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасын» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын «2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасы» тиркемеге ылайык жаңы редакцияда бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж Иманкулов |
|
|
|
БЕКИТИЛДИ
Кара-Суу айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин
2023-жылдын 22-сентябрындагы
№1/2 токтому менен
НАРЫН ОБЛУСУ
АТ-БАШЫ РАЙОНУ
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
КАРА-СУУ АЙЫЛЫ
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 2023-2026 ЖЫЛДАРГА КАРАТА СОЦИАЛДЫК- ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ
ПРОГРАММАСЫ
2023 жыл
Мазмуну
КИРИШҮҮ
1. СЭӨП иштеп чыгууда ченемдик-укуктук актылар
2. Кара-Суу айыл аймагы тууралуу кыскача маалымат
3. Учурдагы кырдаалды талдоо боюнча анализ:
4. Программанын максаты
5. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары (чакан программалар).
Кара-Суу айыл аймагынын 2023-2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу планы
Кара-Суу айыл аймагынын 2023-2026-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын бюджети
Урматтуу Кара-Суу айыл аймагынын тургундары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана 2023-жылдын 30-мартындагы № 177 токтомун аткарууга алуудабыз. Жалпыга маалым болгондой бир катар айыл өкмөттөр биригип, аткаруучу органдардын структурасына айрым бир өзгөрүүлөр киргизилип жатат. Жогорудагы Жарлыктын негизинде Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу жана Ак-Талаа айыл өкмөттөрү биригип, Кара-Суу айыл өкмөтү болду.
Биздин алдыга койгон максаттарыбыз бизге деп берилген милдетти так, туура жана жоопкерчиликтүү аткарууга алуу. Эн биринчи ишке киришүүдө так жана максатуу план менен ишти баштоо. Биз 2023-2026-жылдар үчүн стратегиялык планды түзүүдө Калинин, Кара-Суу, Дыйкан жана Терек-Суу айылдарындагы баардык мүмкүнчүлүктөрдү эске алып, социалдык-экономикалык өсүү багыттарыбызды аныктообуз зарыл. “Ааламга жол айылдан башталат”-дегендей айылды өнүктүрүү, келечектеги потенциалдуу максаттарга жетишүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарын өнүктүрүү биздин эн биринчи жоопкерчилик менен аткаруучу ишибиз.
Кара-Суу айыл аймагынын экономикалык жана социалдык денгээли өсүп-өнүгөөрүнө терең ишеним көрсөтөбүз жана аракет кылабыз.
Кара-Суу айыл өкмөтүндө жалпы 6681, Ак-Талаа айыл өкмөтүндө 5942 калк жашасак, бүгүнкү күнгө калкыбыздын саны 12 623.
Кара-Суу жана Ак-Талаа айыл өкмөттөрү буга чейин көптөгөн долбоорлор менен иштешип келген жана мындан ары ушул сыяктуу долбоорлор менен иштей бермекчибиз. Мен өнүгүү стратегиялык планды иштеп чыгууга кимдер катышса, стратегияда каралган позитивдүү кайра түзүүлөрдүн күбөсү боло аларына ишенимимди билдирип кетмекчимин. Жалпы айыл аймактын жашоочуларынын негизги өнүгүү багыты болуп айыл-чарбасы, социалдык сектор, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу максатында кызмат көрсөтүү.
Жергиликтүү экономикалык өнүгүү көбүн эсе биздин жергиликтүү коомчулук менен бирдикте иштеп кетүү болуп саналат.
Учурдагы эн бир өнүгүүгө багыт алчу тармак туризм тармагына көңүл буруп, чет элдик туристерди тосуу ж.б маселени колго алсак биз үчүн натыйжалуу булак болоору талашсыз.
Ушул стратегиялык планды ишке ашырууда жалпы күч аракет менен алдыга койгон максаттарга жетебиз. Мен ийгиликке ишенем. Себеби иштей билүү коюлган максаттарга жетүү, кыйынчылыктарды жеңе билүү айыл аймактын жергиликтүү жашоочуларына таандык экендигин билдиремин. Жалгыз дарак токой болбогон сынары баарыбыз жапа тырмак киришсек, ишибиздин өнүгүшүнө өлкө үчүн өнгөн бутак тамыр болчу иштер аткарылат.
Кара-Суу айылыбызды өнүгүп-өсүшү үчүн ар бир жашоочубуздун салымы болушу керек. Өсүп келе жаткан жаштарга үлгү көргөзүү ар бирибиздин милдетибиз. Келечекте айылыбыз ар тараптуу өнүгүп алдыңкы орундуктарга чыгышына болгон аракетибизди жумшашыбыз керек.
“Өнүккөн айыл өлкөнүн жүзү” демекчи социалдык-экономикалык жактан өсүш болуш үчүн ишкерлерди колдоо, жумушчу орундарын түзүү, инфрастурктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу жана ишке ашыруу, илим-билимге басым жасоо, калктын бардык катмарын, анын ичинде аялдардын, жаштардын эрте жаш курактагы балдардын өнүгүүсүнө жана тарбиялануусуна көңүл буруу, туризм тармагын өнүктүрүү жана шарттарын түзүү, спорт, маданият, ден-соолук ж.б. көп тармактуу иштерди алдыга жылдыруу болуп саналат.
Айылыбызда профессорлор, илимий кандидаттар, министрлер чыгармачыл адамдар көп саналат. Мисалга Өмүрбеков Токторбек, Мамбетова Зоя, Салымбеков Аскар,Абдыкеримов Шаки, Мамбетакунов Молдосейит, Осмоналиев Рахат Ыбыкеев Бейшенаалы, Иманкулов Мурат, Дүйшекеев Өмүркул, Эшмамбетов Азизбек, Өмүракунов Нурланбек, Дүйшөналиев Жолдошбек, Айтиметов Байболот, Стамакунов Таласбек, Ыбышов Ажыбек, Адыранов Канатбек ж.б. көптөгөн үлгү алчу байкелерибиз бар. Азыркы өсүп келе жаткан жаштарыбызды улуулардан үлгү алып, мекенчил болуп айылы, мамлекети үчүн иштей турган инсандардан чыгышына себепчи болушубуз керек.
Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы - айыл аймактын өнүгүүсүнүн аныктаган жумушчу документи болуп саналат. Себеби ал өзүнө айыл ичинде жүргүзүлүүчү иш-аракеттерди, алардын ар тараптуулугун жана өнүгүүнүн жаңы кадамдарын өзүнө камтыйт. Кара-Суу айыл аймагынын өнүгүү программасы - айыл аймактын тургундарынын бардык катмарынын кызыкчылыктарын, жашоо өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жазылган, коомчулуктун бардык чөйрөлөрүн, ири инвесторлорду, сырттан келген долбоорлорду, бизнес адамдарын ж.б. көңүлүн бура алган, жалпы элге түшүнүктүү, так жана маңыздуу болгон көп жылдык документ.
Бул программа Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ Кара-Суу айыл аймагынын калкынын гендердик аспектерин эске алуу менен социалдык топторунун муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын аныктоо менен айыл аймактын 2023-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын иштеп чыкты.
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы
Аалиев Азим Карыбекович