Редакцияот 22.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 18-чакырылышынын

1-кезектүү сессиясы

 

 2023-жылдын 22-сентябры № 1/3

Кара-Суу айыл аймагынын 2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 102-беренесине «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Суу айылдык Кеңеши  ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолу төмөндөгүдөй бекитилсин:

2024-жылга карата:

-Жергиликтүү бюджет- 19 112,1 (он тогуз миллион бир жүз он эки миң бир жүз) сом

-Теңдештирүүчү трансферт- 23 971,9 (жыйырма үч миллион тогуз жүз жетимиш бир миң тогуз жүз) сом.

Жалпы: 43 084 (кырк үч миллион сексен төрт миң) сом.

2025-жылга карата:

-Жергиликтүү бюджет- 20 682,5 (жыйырма миллион алты жүз сексен эки миң беш жүз) сом

-Теңдештирүүчү трансферт- 24 822,2 (жыйырма төрт миллион сегиз жүз жыйырма эки миң эки жүз) сом.

Жалпы: 45 504,7 (кырк беш миллион беш жүз төрт миң жети жүз) сом

2026-жылга карата:

-Жергиликтүү бюджет- 22 259,1 (жыйырма эки миң эки жүз элүү тогуз миң бир жүз) сом

-Теңдештирүүчү трансферт- 26 341,7 (жыйырма алты миллион үч жүз кырк бир миң жети жүз) сом.

Жалпы: 48 600,8 (кырк сегиз миллион алты жүз миң сегиз жүз) сом.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

Ж Иманкулов