КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 12-февралынын №2
“Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылга аткарган иштеринин отчету,
2024-жылга иш планын, штаттык бирдигин жана бюджетин бекитүү жөнүндө”
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жылга аткарган иштеринин отчету, 2024-жылга иш планын, штаттык бирдигин жана бюджетин бекитүү боюнча Кеңеш айылдык Кеңешинин “Бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комитетинин кортундусуна негиз, Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү XХXIV-сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1.Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету жактырылсын.
2.Кенеш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү 36767,5 (отуз алты миллион жети жүз алтымыш жети миң беш жүз) сом, ал эми атайын каражат боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү 3247,6 ( үч миллион эки жүз кырк жети миң алты жүз) сомго бекитилсин.
3.Кыргыз Республикасынын “Жайыт комитетинин” киреше бөлүгү 884,5 (сегиз жүз сексен төрт миң беш жүз) сомго бекитилсин.
4.Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген бюджеттин беренелерде көрсөтүлгөн өлчөмдөрдө киреше булактарынын пландарын аткарууну камсыз кылуу, айыл өкмөттүн салык кызматынын бөлүм башчысы Д.Токтосуновко милдеттендирилсин жана көзөмөлдө Кеңештин “Бюджет жана экономика боюнча туруктуу” комиссиясына тапшырылсын.
5.Кеңеш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүлүшүнө жараша салыктын өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү бюджетке тиешеси бар, ар бир салыктын көлөмүнүн өзгөрүшү менен Кыргыз Республикасынын каржы Министрлиги тарабынан берилген такталган пландын негизинде өзгөртүү киргизүүнү сунуштоо айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б. башчысы Маразыковко милдеттендирилсин.
6.“Кенеш-Тазалык” муниципиалдык ишканасына субсидия иретинде 300,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
7.“Гөлөгөн-Суу” муниципалдык ишканасына субсидия иретинде 700,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
8.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын Республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүштүрүлүп берилген теңдештирүүчү трансферт биринчи кезекте көсөтүлгөн беренелерине каралары белгиленсин.
9.Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекстин” 24-беренесинин негизинде жалпы бюджеттин 1,0 пайызы же 367 миң 600 сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фонду болуп бекитилсин.
10.Кеңеш айыл өкмөтүнүн табият кырсыктарынын кесепеттеринин алдын алуу жана жоюу боюнча 2024-жылга кол тийгис 500,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана ал акча каражаты максаттуу пайдаланылсын.
11.Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августь күнкү № 451 Токтомуна негиз Кенеш айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штаты 18 бирдик ал эми техникалык тейлөө кызматында 4 штаттык бирдик бекитилсин.
12.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 451 токтомуна эскертмесине негиз айыл өкмөтүнүн Аскердик Каттоо бөлүмүнө 4 инспектор штаттык бирдиги бекитилсин.
13.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-май айындагы № 268 токтомуна ылайык “Маданият исскуство жана маалымат мекемелерине 5 штаттык бирдик бекитилсин.
14.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 52-беренесине негиз айыл өкмөтүнүн 8 айылга айыл башчынын кызмат орду киргизилсин.
15.Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы жана катчысына 2 штаттык бирдик бекитилсин.
16.Муниципиалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу тажрыйбасын арттыруу жана башка атайын окууларга жөнөтүүгө 50.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
17.Токтомдун аткарылышын Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко жана КЭБ башчысына милдеттендирилсин.
18.Мыйзамдуу жагын карап берүү Кеңеш айыл өкмөтүнүн юристине милдеттендирилсин.
19.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайтына жарыялансын.
20.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Ураимовага милдеттендирилсин.
21.Токтомду көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Азимбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Ш.М. Канполотов |