АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-февралы № 2
Кызыл-Октябрь айылынын Соорбек көчөсүнө
ойноо аянтчасын куруу жөнүндө
Акназаров айылдык аймактык кеңешинин 2024-жылдын 12-февралындагы кезексиз 19-сессиясы протоколдун негизинде;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылынын Соорбек №71а көчөсүнө ойноо аянтчасын куруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Акназаров айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жерине мамлекеттик актыларын алып ойноо аянтчасын куруу үчүн жерин тактап жана тиешелүү иш кагаздарын мыйзамдаштырып берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси С.Исмаиловго милдеттендирилсин.
3. Ойноо аянтчасынын долбоорун жана тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Б.Уметалиевага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Жакшымбетовго тапшырылсын.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| К.Жорготаев |